Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков сотко жеткирилди

Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан соттук отурум өтүп жатат.

Соттук отурумга Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков жеткирилди. Аларды тарапташтары кол чабуулар менен тосуп алышты. Белгилей кетсек, 20-сентябрдагы отурумга Жээнбеков эле жеткирилген. Алмазбек Атамбаев катышкан эмес.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда.