Кой-Таш окуясы. Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген жок

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Соттук отурум башталганга чейин соттун катчысы Алмазбек Атамбаевдин сотко жеткирилбегенин билдирди. Судья Азирет Медеров экс-президенттин эки билдирүүсүн окуду. «Мен видео аркылуу онлайн өтүүчү жолугушууларга катышуудан баш тартам. Мен жана менин адвокаттарым мындай режимди мыйзамсыз деп эсептейбиз», — деп сот айыпталуучунун арызын окуп берди. Ал эми экинчи билдирүүдө экс-президент ден соолугуна байланыштуу ал жок отурум өткөрүүнү суранган. Ошондой эле негизги айыпталуучу камерадан чыгуудан баш тартканы белгилүү болду.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда. Соттук отурумга келгендердин саны көп.