Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 29-сентябрга жылдырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өттү. Отурумга айыпталуучулардын бир нече адвокаттары келбегени белгилүү болду. Судья Азирет Медеров процессти кийинкиге калтыруу боюнча тараптардын пикирин сурады.

Адвокат Сергей Слесарев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттун бардык суроолоруна жооп бербей турганын айтты. Жыйынтыгында отурум 29 -сентябрга жылдырылды.