Кой-Таш окуясы. Равшан Жээнбеков менен Фарид Ниязов сотко жеткирилди (сүрөт)

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт. Соттук отурумга президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков жеткирилди. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылат.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өзү арыз жазып, ден соолугу начар болгондуктан отурумду ансыз өткөрүүнү суранган. 

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда. Соттук отурумга келгендердин саны көп.