Фарид Ниязов камакта калтырылса, Равшан Жээнбеков эркиндикке чыгат

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 22-декабрда 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча ишке катышкан Алмазбек Атамбаевден башка бардык айыпталуучулардын камакка алуу мөөнөтүн узарткан жок. 

Соттук отурумга Равшан Жээнбеков менен Фарид Ниязов жеткирилген. Бирок Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, катышуудан баш тарткан.

Соттук териштирүүнү судья Азирет Медеров 27-февралга чейин узартты. 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жана Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтү аяктайт. Ал 27-декабрда саат 12:00дө чыгарылат. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду да камакка алуу жокко чыгарылды. Башка айыпталуучулардын да бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу катары депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин мурдагы сакчысы Канат Сагымбаев жана башкалар бар.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Равшан Жээнбековду СИЗОнун администрациясы 28-декабрда эркиндикке чыгарышы керек, ал эми Фарид Ниязовдун октябрь айындагы окуялар боюнча бөгөт чарасы бар болгон үчүн камакта калтырылат.