Кой-Таш окуясы. Соттук отурум 22-декабрга жылдырылды

15-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону 22-декабрга жылдырды.

Сотко президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жеткирилди. Ал эми Равшан Жээнбековдун тумоолоп жаткандыгы айтылды.

Кой-Таш окуясы 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон.