Көк-Арт дарыясынын суу жеген аймагы бекемделүүдө

17-март күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Живпром тилкесиндеги №6 босогонун 20 метр аралыгын жана №10 коргоочу тосмонун сол жээгинен 20 метрин суу жеп, шаарда 569 турак үй жана 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Буга байланыштуу 18-март күнү Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жаралган кырдаалдан улам Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов аталган объектке жеринен таанышуу үчүн барды. Дарыя жээгин бекемдөө иштеринде ыкчам аракет көрүү тапшырмасын койду.