Ошко бара жаткан жарандарды сабаган шектүүлөр 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук сотунан тастыкташты.
- 1-сентябрга караган түнү социалдык тармактарда белгисиз жарандарды “Оштуктар бул жолдон өтпөй калат” деп, коркутуп жаткан видео тасма тараган. Видеодо беттери кан болгон жарандарды Ош облусундагы көк бөрү оюнунун аягында болгон чатакты себеп кылып, коркутуп жатканын көрүүгө болот. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. Видеодо беттери кан болуп турган Ош облусунун 4 тургуну Орусиядан чыгып, Казакстанга өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр жолу аркылуу Ош облусуна бара жатканы аныкталган. 1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп, сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алар Талас облусунун 1995-жылы туулган 5 тургуну экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча 330-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кийин алардын жакындары чогулуп, үй камагына чыгарууну суранышкан.