Көк бөрү: Ошко бара жаткан жарандарды сабаган шектүүлөр кармалды

1-сентябрга караган түнү социалдык тармактарда белгисиз жарандарды “Оштуктар бул жолдон өтпөй калат” деп, коркутуп жаткан видео тасма тараган. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Видеодо беттери кан болгон жарандарды Ош облусундагы көк бөрү оюнунун аягында болгон чатакты себеп кылып, коркутуп жатканын көрүүгө болот. Аталган факты Талас ОИИБге катталып, териштирүү башталган. Окуяга тийиштүү жарандар аныкталган. Видеодо беттери кан болуп турган 4 жаран Ош облусунун тургундары жана Фольксваген-Гольф үлгүсүндөгү унаа менен Орусиядан чыгып, Казакстанга өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр жолу аркылуу Ош облусуна бара жатканы аныкталган.

1-сентябрь күнү жарандарды коркутуп, сабоого шектүүлөр кармалып, Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алар Талас облусунун 1995-жылы туулган 5 тургуну экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча 330-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.