Көк бөрүдөгү башаламандык боюнча 25 жаран милицияга жеткирилди

Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармап келинди. Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Ал эми ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар.

Мындан сырткары, Ош облустук Тез жардам кызматынын Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаасынын терезелери талкаланган.