Көк бөрүнүн айынан сабалып, SUPERTV’га акыйкат издеп кайрылган жаран. Шектүү 2 айга камакка алынды

5 күн мурда SUPERTV’га акыйкат издеп 50 жаштагы Сузак районунун тургуну Кубанычбек Мавлянкуловдун үй-бүлөсү кайрылган. Алардын айтымында, 14-апрель күнү Кубаныч Мавлянкуловду бир топ жигит сабап, ден соолугуна оор жаракат келтиришкен. Жабырлануучунун жубайын да ташбараңга алышкан.

Мавлянкуловдун жубайынынын айтымында, көк бөрү өтүп, ошол жерде улактын айынан анын кайниси сабалган. «Тилек деген булардын көчө жиндиси бар экен. Алар «Жалал-Абад меники» деп калган балдар экен. Кайнимди уруп коюшат, биздикилер барып ажыратышат. Ошол жерге жолдошум барып, «кой иним, сен менин балам менен теңсиң» деп айтат. Тиги болсо, жаман сөздөрдү айткан экен. Дагы бир кайнимди чакырышат. Аны да уруп салышат. Кайнатам аксакалдарды чогултуп алып, анын үйүнө барат. Атасы менен сүйлөшүп кеткен экен. Анан балдар чалып, чакырып, күйөөм барса, ур-токмокко алышкан»,-  деди жабырлануучунун жубайы.

«Мени байкатпай ээке уурду. Сабашты. Чындык барбы же жокпу? Башымды жарыптыр, азыр эле өзүмө келдим. Милиция аларды кармабайт», — дейт жабырлануучу.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден кылмышка шектүү жигит — видеодо аты аталган Тилек аттуу жаран кармалып, 2 айга камакка алынганын билдиришти. «Ошол видеодо аты аталган, изделип жаткан Тилек аттуу бала кармалып, 2 айга камакка алынды. Учурда калган издөө жарыялангандар боюнча иштер жүрүп жатат», — дешти облустук милициядан.