Көк-Жарда аял киши бийиктиктен секирип, көз жумду

Кечээ, 20-июлда саат 06:56 чамасында аял киши Көк-Жар айылынын Панорамага жакын аймакта бийик дөңдөн секирип, каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталган. Ыкчам топ аталган жерге барган учурда, окуя болгон жерде орус улутундагы 38-40 жаштагы аял жансыз денеси жаткан болгон. Аялдын денеси соттук медициналык-экспертизага жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.