«Көк-Жардагы үйдөн 50 миң доллар уурдалган». Бишкекте уурулукка шектелген 4 жигит кармалды

Бишкекте бир нече уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4 -сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Август айында ыкчам кызматкерлер Бишкекте уурулук менен алектенген 2 жаран тууралуу маалымат алышкан. Милиция жигиттердин 3-августка караган түнү Көк-Жар конушундагы үйдү тоногон кылмыштуу топко тиешеси бар экенин аныктады. Уурулар үйдөн 50 миң 600 долларды уурдап кетишкен. 

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү — 1999, 2003, 1998, 1999 -жылы туулган жигиттерди кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.