Көкөмерен дарыясынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 18-июнда Нарын облусунун Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине Жумгал райондук №43 өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.