«Көкүрөккө муштап жиберген». Өзгөндөгү лицейде 16 жаштагы өспүрүм көз жумду

Өзгөн районунда 16 жаштагы жарандын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү саат 21:30 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы № 62 кесиптик лицейдин окуучусу 2006-жылы туулган жарандын каза болгондугун Куршаб аймактык ооруканасынан билдиришкен.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган: 20-декабрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62-кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 3-курстун студенти Өзгөн районунун тургуну 17 жаштагы өспүрүм Өзгөн районуну тургуну 16 жаштагы өспүрүмдү муштуму менен көкүрөк жагына уруп жибергенде эс-учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон.

Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.