Көл жээгинен жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнү такталып, сөөгүн айылына алып кетишти

"Турмуш" басылмасынан алынды

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБ маалымат таратып, Тоң районундагы Ысык-Көлдүн жээгинен адамдын жансыз денеси табылганын билдиришкен.

Милиция тарабынан Кең-Сай аймагында табылган жансыз дененин өздүгү аныкталып, туугандары табылган. «Ал 41 жаштагы аял болуп чыкты. Туугандары тарабынан жансыз дене таанылып, айылга алып кетишти»,- дешти.