УКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары алынууда деген маалыматты калп деди

УКМК Фейсбук социалдык тармагында “Сейит Ажыкан” аттуу колдонуучу жазган «Бажы кызматында кримтөбөл Көлбаев жана Матраимов менен байланышы үчүн кызматынан бошотулгандардын ордуна президенттин жан УКМКнын төрагасынын адамдары алынып жатат» деп тараткан маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

Бош орундарга кабыл алуу конкурстун жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде “Сейит Ажыкан” аккаунтунун колдонуучусу Орусиянын жараны, Талас облусунда 1979-жылы туулган улуту кыргыз, Ажыканов Сейитбек Кадыркулович экени аныкталган. Ал учурда АКШда жашайт жана “Тилекмат Куренов” деп таанылган Кудайберди уулу Тилекматтын жакыны жана өнөктөшү.

Ажыкановго карата башка колдо болгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.