Көлбаев менен байланышкан адамдарга «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн жеринин бир бөлүгүн сатууга шектелгендер кармалды

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын активдерин мыйзамсыз алып коюу боюнча УКМК маалымат берди.

Мурда мыйзамсыз чыгарылган Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо максатында, УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2014-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйү жайгашкан 2,34 гектар жер тилкесин федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы, кийин аны уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге байланышы бар адамдарга сатып жиберишкени аныкталды. Андан соң, “Имидж Строй” ЖЧКсы (Камчы Көлбаевге байланышы бар фирмасы) тарабынан “Каганат” коттедж комплекси салынган.

Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2023-жылдын 28-ноябрында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык:

— Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы;
— Машина куруу жана башка тармак-тардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары;
— Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы;
— “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.