Көлбаевдин жакындарына өтүп кеткен 1 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча жүргүзүп жаткан ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлк объекттерин мамлекеттин менчигине алуу боюнча активдүү иштер улантылууда.
Тактап айтканда, Камчы Көлбаев 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган. Мындан улам, УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берилди.