Көлбаевдин кылмыштуу тобунун «Шпана» аттуу мүчөсү кармалды (видео)

УКМК тарабынан өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Шпана” деп аталган мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 9-ноябрда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мурда соттолгон, 1994-жылы туулган жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-ноябрда А.у.Д. учурда Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 8-түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, топтун мүчөсү 1999-жылы туулган Э.М.дин буйрутмасы боюнча А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган. Жолугушуудан кийин А.у.Д. уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен А.Э.А.ны белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап А.Э.А.дан 8-түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан. Ошол эле учурда А.Э.А.ны укук коргоо органдарын менен байланышса ага карата физикалык күч колдонобуз деп коркутушкан. Андан соң жогорудагы адамдар аны Эркиндик бульварынын тегерегине жеткизип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөтүн белгилешкен.

Учурда УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ошондой эле кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталууда.