Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү «Кузя» кармалды. Ал 12 жолу соттолгон

Нарын облусунда козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун (Камчы Көлбаев) мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2-мартта УКМК тарабынан «бейбаштык, ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди, жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу аракети менен» козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган С.К.К. криминалдык чөйрөдө «Кузя» деп аталып, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана 12 жолу соттолгон. Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө ал криминалдык топторго мүчө болуудан жана уурулардын идеясына кирүүдөн баш тарткан.

29-февралда шектүү УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер органдары менен биргеликте кармалган. УКМКнын оперативдүү маалыматтарынын алкагында Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну С.А. шектүү тарабынан сабалгандыгы боюнча ички иштер органдарына ыкчам маалымат келип түшкөн. Жабырлануучу өз кайрылуусунда шектүү физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен аларга тамак-аш жана спирт ичимдиктерин сатып алууну талап кылгандыгын белгилеген. Жабырлануучу талаптан баш тарткан учурда, аталган адам арыз ээсинин башына тапанча такап, денесине бир нече жолу урган.

1-мартта Жумгал РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында шектүүнүн Куйручук айылындагы жашаган жеринде кароо жүргүзүлгөн. Үйүн тинтүү иштери учурунда, 15 жана 17 жаштагы эки жашы жете элек кыз, 2006-жылы туулган Талас шаарынын тургуну жана 2008-жылы туулган тургуну болгон, алар Бишкек шаарынан Куйручук айылына үйүнө конокко келгенин айтышкан, мындан тышкары болжолдуу түрдө «Макарова» системасынын ок атуучу куралы табылып, ал боюнча баллистикалык экспертиза дайындалган.

Жогоруда аталган кыздарга карата Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрүн тартуу менен алардын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана андан ары жакындарына өткөрүп берүү чаралары көрүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.