Көлдө эки балыкчы сууга чөгүп кетти

Тоң районунда балык уулаганы кеткен эки жаран сууга чөгүп каза болду. 11-декабрда Кара-Талаа айылынын 50 жана 43 жаштагы тургундары көлгө балык уулаганы кетип, үйүнө кайтышкан эмес. Айыл жашоочуларынын айтымында, каза болгондордун кайыгы начар абалда болгон.

Издөө иштерине куткаруучулар жана милиция кызматкерлери тартылган. Алардын жансыз денеси ошол эле күнү түнгө жакын 9 метр тереңдиктен, бири-биринен өтө алыс эмес эле жерден табылган.