Көлдөгү «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекетке өттү

Баасы 5 миллион доллар түзгөн «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы, ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «Лагуна Сити» эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар  мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион АКШ долларын түзөт.