Колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын атасы: «Милиция «зордуктасам кутуласың, болбосо 10 жылга камаласың» деген»

2021-жылдын сентябрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан корголгондун ордуна, кыздын кордолгонуна учурда коомчулук нааразы. SUPERTV телеканалына кыздын ата-энеси окуя кандай болгонун баштан-аяк айтып беришти.

«Сентябрь айында «Дордой» базарынын Кербен деген бөлүгүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен кызым кулакчын, 2 дептер, суу алган. Аны сатуучу аял кармап алып, өзүнүн мурда соттолгон таанышын чакыртып алып, салып берет. Ал милиция кызматкерлерине тапшырбай, унаасына салып, бир тууган бөлөсү болгон милиция кызматкерине өткөрүп берет. Ал Ленин РИИБде жаштар менен иштөө инспектору экен. Ал кызыма «10 жылга камаласың же болбосо, 50 миң төлөйсүң» деп, дагы бир жолу бар экенин атып, «зордуктасам кутуласың» деген. Кызымды унаасында зордуктаган. Ал бөлөсүнө берет. Анан унаа оңдоочу жайда, мейманканада зордукталган. 3 милиция кызматкери зордуктап жүргөн. Кызым колдон колго өтүп жүргөн», — дейт кыздын атасы.