13 жаштагы кыздын соту 13-июлга жылдырылды. «Шектүүлөр күнөөнү моюнуна албай жатышат» дейт жактоочу

Бүгүн, 12-июль күнү Свердлов райондук сотунда өткөн 13 жашар кыздын зордукталуусу боюнча соттук отурум 13-июлга жылдырылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов Клооп агенттигине маалымат берип жатып билдирген.

Маалыматка ылайык, күбөлөрдүн бири сотко келбегенине байланыштуу соттук отурум 13-июлга жылдырылган. Учурда 3 адам, эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарынын сакчысы зордуктоого шектелүүдө. «Шектүүлөр күнөөсүн моюнуна албай жатат» деп билдирген жактоочу.