«Колунда бычактары бар болчу. Чолпон-Атанын тургундары ызы-чуу салып, баарыбызды коркутту» дейт эс алуучу (видео)

«Сары-Ой айылындагы пансионатта чолпон-аталык тургундар менен пансионаттын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, эс алуучулардын тынчын алды» деген видео коомчулукка тарады.

«Мына силерге президенттин Ысык-Көл облусунун жашоочуларына жакын жайгашкан пляждарга кирүүгө укук берген токтомунун жыйынтыгы. Мындан ары эс алуучуларда эч кандай коопсуздук болбойт. Аталган окуядан кийин баары кетип жатышат. Алар бычак менен жүрүштү. Эс алуучулардын самокаттарын тартып алып, мушташышты.

Эс алуу үчүн биз арзан эмес акча төлөйбүз. Бирок коопсуздукту эч ким бизге камсыздап бербейт. Окуя болгон учурда Орусиядан келген туристтер бар болчу. Алар бул окуяны кандай кабыл алышты?» — деп жазган окуянын күбөсү.

Видеодон пляждагылардын качып, топ эркектер бири-бири менен мушташып, сөгүнүп тепкилешип жатканын көрүүгө болот.