«Көлдүн жээгинде зара кылып жатканда эскертүү жасаган». «Радуга» пансионатындагы мушташтын алгачкы жагдайы

«Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташуунун алгачкы жагдайлары белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Окуянын катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул күнү окуянын катышуучуларынын бир тарабы меймандарын пансионаттын пляжында кабыл алышкан. Меймандын бири көлдүн жанында зара кылып жатканда, аны жергиликтүү тургун, пансионаттын коопсуздук кызматында иштеген кызматкер байкап калып, эскертүү жасаган. Бирок мейман эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада, мейман менен коопсуздук кызматкеринин ортосунда оозеки чыр чыгып, мушташка айланып, ага эки тараптын жарандары да кошулган.

Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары уланууда.

Айрым жарандар бул окуяны президент Садыр Жапаровдун «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылып жатканына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя башка мүнөздө экенин жана жергиликтүү тургундардын пляж аймактарына кирүү укугу менен эч кандай байланышы жок экенин эскертти.