Көлдүн жээгинен жоголгон адамдын кийиминин табылышы. Жигит кылмышка шектелип, изделип жатат

Бүгүн ӨКМ маалымат таратып, Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан жигиттин кийимдери көл жээгинен табылганын, бирок анын сууга чөкпөгөнүн билдирген эле.

Ысык-Көл ОИИБдин берген маалыматы боюнча, дал ошол 1995-жылы туулган жигит май куюучу жайды карактоого шектелип, изделип жаткан жаран. Милициянын маалыматына караганда, шектүү өзүн жашыруу үчүн кийимин чечип кеткен болушу мүмкүн.

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелген жарандар кармалган. Белгисиз үч жигит ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан миң сом карактап кеткен. Кылмышка шектелип, 2 жаран кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланган болчу.