Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыздын атасы: «Кызымды издөөгө жардам бериңиздерчи»

Тору-Айгыр айылында чөккөн 4 жашар кыздын атасы Сабыр мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын чоо-жайын айтып берди.

— 18-июль күнү саат болжолдуу саат 15:00дө Тору-Айгыр айылында көлгө түшүп жатканбыз. Мен көлдөн арыраакта казан асып, оокат менен убара болуп жүргөм. Келинчегим, карындашым жана кызым үчөө көлгө түшүп жатышкан. Жакшы эле сууга түшөбүз деп мени чакырып ойноп-күлүп жүрүшкөн. Бир маалда эле жардамга деген ачуу кыйкырык чыкты. Дароо жетип барсам кызым түшкөн желденме матрас көлдө калкып турат, кызым жок. Кызым коркуп кетип сууга түшүп кеткенби же кармай албай калдыбы, көз ирмемде таппай калдык. Мен аларга алыска барбагыла деп эскерткен элем (ыйлап). Келинчегим менен карындашым жээкте кыйкырып туруптур. Кызымдын матрасы 2-3 оодарылып кетиптир. 

Бизге жакын жакта да шамалдан 5 адамды көлгө айдап кеткен экен, аларды куткарып аман алып калышты. Алар учурда ооруканада жатышат. Көпчүлүк биздин окуябызды бир кылып ойлоп алыптыр. Куткаруучулар ошол жактагыларды куткарып жатып бизге кечирээк келип калышты.

Бүгүн 4-күн болду, кызым али табыла элек. Элге жардам сурап кайрылгандан бери экөө түшкө жакын Бишкектен дрон алып барабыз дешкен. Азыр көл жай болуп турат. Жакын жердегилердин дрону болсо, азыр караса да жакшы көрүнмөк беле дейм. Учурда ӨКМ кызматы издеп жатат, дагы ыктыярчылар болсо кызымды табышууга жардам бергилечи, суранам. Ар бир бул маалыматты окуган адам кызымдын эрте табылуусуна дуба кылып коюңуздарчы», — дейт кыздын атасы.

Байланышуу үчүн номери: 0555 995626.

Эске салсак, Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткени тууралуу ӨКМ билдирген.