Чүйдө абакка белгисиз затты алып кирүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Чүй районунун Молдовановка айылында колонияга белгисиз затты алып өтүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

18-сентябрь күнү саат 00:18 чамасында мекеменин кызматкерлери белгисиз затты №1 колониянын аймагына өткөрүп, качып кетүүгө аракет кылган шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран скотч менен оролгон, жалпы салмагы 269 граммды түзгөн белгисиз, жашыл буюмду ыргытканда баштык тосмонун артындагы техникалык жолго түшкөн.

Бул факты боюнча кармалган шектүү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.