Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.
Буга чейин милиция маалымат таратып, Токмок шаарында адам урдоого шектелген жарандар кармалганын билдиришкен.
Маалыматка караганда, 4-июль күнү Токмок ШИИБге 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 4-июлга караган түнү Токмок шаарындагы №3 кичи районундагы батиринен белгисиз тарапка чыгып кеткен 2003-жылы туулган инисин табууга жардам көрсөтүүнү суранган. Аталган факты Токмок ШИИБге катталып, тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерди кароо жүргүзүү учурунда буюм далилдер табылып алынган. Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдар боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 165-беренесинде көрсөтүлгөн (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, милицияга багыттамалар жиберилген.
Кылмыш ишине шектүү катарында 1988, 1983 жана 1996-жылы туулган жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Алдын ала тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, шектүүлөр жабырлануучу жаранды ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, уруп-сабап унаа менен Чоң Чүй каналына алып барып, колун жоолук менен байлап сууга ыргытып салышканы белгилүү болгон.