«Колу-буту жип менен байланган». Ноокенде эркек киши мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Ноокенде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында милицияга маалымат түшүп, анда Ноокен районунун Кен-Сай айылына баруучу унаа жол менен Бишкек-Ош жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинен жашы 35-40 чамасындагы эркек кишинин каза болгон жансыз денеси жаткандыгын билдиришкен. Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги чыгып, кароо жүргүзгөн.

Кароо жүргүзүү учурунда табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Аты-жөнү аныктала элек өлүктүн жансыз денесине соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө тарабынан аты-жөнүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар, багыттамалар берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.