Чүй районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
5
-декабрда саат 07:00 чамасында 1950-жылы туулган аял кишинин үйүнө ууру кирген. Белгисиз жаран үйдүн жарыгын өчүрүп, күч колдонуп, колу-бутун узарткыч менен байлап, 50 миң сомун, 10 миң сомдук сөйкөсүн, 23 миң сомдун телефонун алып кеткен.Кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө уланууда.