«Колу-бутун байлап, мүрзөдөн өлтүрөбүз». Карыяны коркутуп, видеого тарткандар кармалды

Социалдык тармактарда автоунаанын ичинде «колу-бутун байлап, сууга салып жиберели, талаадан, мүрзөдөн өлтүрүп, көмүп коёлу» деп карыяны эки киши коркутуп жаткан видеосу тараган. Алардын кармалганын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон. Аталган факты каттоого алынып, видеону тарткандардын ким экени такталып, кийин колго түшүрүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.