Колу-бутун скотчтоп унаасын тартып алган окуя боюнча дагы бир шектүү кармалды

Милиция тарабынан каракчылык жана адам уурдоо боюнча дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 4-апрелинде Ысык-Ата РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 3-апрелде күч колдонуп, анын 170 миң доллар турган Land Rover унаасын тартып алып, колу-бутун скотчтоп Төмөнкү Нооруз айылына алып барып, ошол жерде кармаганын билдирген.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) жана 207-берене (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү 3 адам кармалып, камакка алынган. Иш сотко жөнөтүлгөн.

2024-жылдын 13-апрелинде дагы бир шектүү кармалып, камакка алынган. Анын иши да сотко өткөн. Дагы бир шектүү — 1992-жылы туулган жаран 29-августта кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.