Колу менен буту байланган, оозу скотчтолгон… Бакка асылган абалда табылган жарандын ким экендиги аныкталды

Колу менен буту байланган, оозу скотчтолгон жарандын бакка асылып турган сүрөтү тараган эле. Маркумдун денеси Аламүдүн районундагы «Тёплые ключи» санаториясынын аймагы тарабынан табылган.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуянын бардык жагдайлары териштирилүүдө. Маркумдун 19 жаштагы Нарын облусунун тургуну экени аныкталды.

Бул факты боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки кылмыш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары да башталган.

Кылмыш иши Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.