«Колун байлап, мойнуна коопсуздук курун салып». Орусияда кыргызстандык таксисттин өлүмүнүн чоо-жайы

Шектүү

Буга чейин ТИМ маалымат таратып, Орусияда 50 жаштагы кыргызстандык таксист киши колдуу болгонун билдирген. Москванын прокуратурасы окуя боюнча маалымат берди.

«Аныкталгандай, соттолуучу 21-ноябрга караган түнү Елнинская көчөсүндөгү үйдүн короосунда токтоп турган таксинин арткы отургучунда отуруп, 50 жаштагы айдоочуга кол салып, аны сабап, колун байлап салган. Ал анын мойнуна коопсуздук курун ыргытып, муунтуп өлтүргөн. Андан соң айыпталуучу өлтүрүлгөн адамдын 5 миң рубль акчасын жана банк картасын уурдап, кылмыш болгон жерден качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Сот мурда соттолгон 33 жаштагы шектүүгө карата 2023-жылдын 21-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Ага каракчылык менен байланышкан адам өлтүрүү боюнча айып тагылып, тергөө амалдары менен кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.