Колун чыканагынан ылдый кесип салган ымыркай боюнча дарыгерлер сурак беришти

Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажыраганы маалым болгон. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти. Маалыматка караганда, Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну 24-февраль күнү Токтогул райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, ал 2023-жылы туулган баласы денесине ар түрдүү нерселер чыгып дене табы көтөрүлгөндүктөн, Токтогул райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын айтып берген. Ооруканада дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында оң колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирип, Токтогул райондук оорукананын окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Жогорудагы арыз Токтогул райондук прокуратурасынан Токтогул РИИБге караштуулугу боюнча чечим кабыл алуу үчүн жиберилген жана 28-февралда Токтогул РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар болгон Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жана медайымдары күбө катары суралып, бейтаптын баяны алынып, 6-март күнү Саламатыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна соттук-комиссиялык экспертиза дайындалып, топтолгон материал жиберилген. Учурда аталган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.