Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгү дагы эле табыла элек

1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

ӨКМ 6-августка чейин жансыз денени издеген, бирок майнап чыккан эмес. Ошол күнү куткаруучулар суу тартылганга чейин издөө иштерин токтотушкан.

Министрликтин берген маалматына караганда, кайрадан издөө иштери башталып, жерине 20 куткаруучу тартылган.