Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгүн издөө иштери убактылуу токтотулду

1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, 6-август жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Токтогул райондук №97 ӨКБдан 11 куткаруучу, КДМБдан 10 куткаруучу, туугандарынан 10 адам тартылып майнап чыккан эмес. Издөө иштери суу тартылганга чейин убактылуу токтотулду. Учурда куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуна кайтышууда.