«Комада жатат». Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен чек арачы башынан жаракат алды

Кечээ, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.

Аскер кызматкери Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Ден соолугунун абалы оор деп бааланып, комада жатат. Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөр кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат.