Коңшу өлкөнүн 4 жараны мыйзамсыз миграцияга шектелип кармалды

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, иштеп жүргөн жарандар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун аймагындагы ишканалардын биринде Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган. Алар 1996-жылы туулган Д.Н., 1988-жылы туулган Х.Д., 1997-жылы туулган Р.Т. жана 1972-жылы туулган Х.М. аттуулар болушкан.

Аталган жарандар ишкананын ичинде жатып иштешкени териштирүү учурунда аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин  122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, териштирүү иштери башталды.

Чогултулган материалдар УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.