Контейнерге башы тыгылып калган киши куткарылды

Бүгүн, 28-мартта Бишкекте контейнерге башы тыгылып чыга албай калган жаранды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткарышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Эртең мененки саат 8:30да мекеменин куткаруу кызматына чакыруу түшкөн. Анда шаардын Термечиков көчөсүндө эркек киши контейнердин астына башы менен кыпчылып чыга албай калганын айтышкан. Мындан улам беш куткаруучу барып, атайын шаймандар менен контейнерди көтөрүп,  жардамга муктаж кишини куткарышты», — деп айтылат маалыматта.

Учурда башы кыпчылып калган кишинин абалы жакшы. Ага медициналык жардам керектелген эмес.