УКМК Ош облусунда телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топтун ишин токтотту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында уюлдук телефондорду жана мыйзамсыз баңгизаттарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу Өзбекстанга алып чыгуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.
Экономикалык контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмү менен биргеликте контрабандалык товарларды убактылуу сактоочу жайларда жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасына бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алып келинген iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер алынган.
Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда алардын кылмыштуу байланыштарын жана контрабанданы ташып келүү/экспорттоо схемаларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.