Конвертке 110 миң доллар батабы? ИИМдин Бейшеналиевдин иши боюнча жообу

ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110 миң долларды пара катарында алгандыгы тастыкталды», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп бергени да айтылат. Министрдин айтымында, калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды.Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалып, кечээ, 30-сентябрда УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди.