Элди нааразы кылган Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси жабылды

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси  жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, текшерүү Ош шаардык прокуратурасынын актысынын жана жарандардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн.

«Манас-Ата» кафеси текшерилип, бир катар кемчилдиктери үчүн 41 миң сом айып пул салынды. Даяр тамак-аштардын үлгүсү лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн натыйжасында тамак-аштан аныкталган кемчилдиктер үчүн, санитардык гигиеналык нормалар сакталбаганы үчүн кафе ээси Бахтияр Гуламовго 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Андан сырткары азык-түлүктү сактоодо кетирген каталары үчүн башкы ашпозчусуна 13 миң сом айып пул салынган. Кафенин айланасы да тазаланбагандыктан 5 миң сом айып пул көрсөтүлгөн. Учурда кафенин иши убактылуу токтотулуп, жууп тазалоо, дезинфекция, дезинсекция, дератизация иш-чаралары жүргүзүлүп жатат» , – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин «Не сахар» долбоорунун тартуучу тобун аталган кафенин администратору ичине киргизбей, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан. Коомчулукка тараган видео эл арасында талкуу жараткан соң иликтөө иштери башталган.