Коомдук транспортто жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаранга «майда бейбаштык» үчүн айып салынды

Бишкекте маршруттук таксиде аялдарга, алардын катарында 13-14 жаштагы жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаран кармалып, ага майда бейбаштык беренеси менен кылмыш козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында 1993-жылы туулган жаран кармалды. Анын кылыктарынан майда бейбаштыктын белгилери байкалып, 126-берене боюнча кылмыш козголгон. 8-июлда Октябрь райондук соту ага 5500 сом айып пул төлөө чечимин чыгарган», — деп жазылат маалыматта.