Коомдук транспортторго рейд жүрүүдө. Эки күндө 831 миң сом айып салынды

Өлкөдө  маршруттук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө жол-транспорт тартибин бекемдөө, укук бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда жалпы жол унаа кырсыктарына жол бербөө максатында ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагында маршруттук унааларга карата “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүп, эки күн ичинде 359 протокол толтурушуп, жалпы 831 миң сомго айып салышты.
Алардын ичинен:
— техникалык бузуктары аныкталган 16 айдоочу;
— каттамга чыгаарда техникалык кароодон өтпөгөн 40 айдоочу;
— Техникалык бузуулары менен каттамга чыгарган 6 фирманын механиги;
— лицензиясы жок каттамга чыккан 53 айдоочу;
— туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып, түшүргөн 187 айдоочу;
— кошумча жабдууларды мыйзамсыз орнотуп алган 11 айдоочу;
— эл аралык каттамдарга чыгуу учурунда жүргүнчүлөрдү ашыкча алган 12 айдоочу;

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөр менен катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.