Коомго каршы аракеттерге шектелген Өзгөн районунун тургунун кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери коомго каршы аракеттерге шектелген Өзгөн районунун тургунун кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин Ош облусунун тургуну укукка каршы аракеттер боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2020-жылдын декабрь айында Өзгөн шаарында, эки чала тааныш адам күч колдонуп, тоноо жолу менен арыз ээсинин баасы 20 миң сомдон ашкан уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүмү (Тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири камакка алынып, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн.

Андан ары ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүп, тергөөдөн жашырынып жүргөн Өзгөн районунун тургуну, 1993-жылы туулган кылмышка шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда экендиги аныкталган. 3-июнда изин жашырып жүргөн шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларын Өзгөн районунун аймагында жүргүзүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн шектүү «положенец» макамына ээ. Ал тирешүүнүн кесепетинен каза болгон криминалдык авторитеттин жакын адамдарынын бири болгон. 2021-жылы 19-мартында Өзгөн районунда жергиликтүү кримавторитеттин унаасын атып кетишкени маалым. Октон алган жаракатынан улам эки жаран каза болгон. Бул ишти андан ары тергөө ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан жүргүзүлүүдө. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы бул оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.