Көп кабаттуу үйдөн боюмду таштайм деген мас абалындагы кыз кармалды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштайм деп ызы-чуу салган кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«23-июнь күнү саат 07:32де Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 3-кабатынан белгисиз кыз боюн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Ыкчам-иликтөө тобу аталган дарекке барганда таңкы саат 01:30да батирде жашаган кыз мас абалында ызы-чуу салган. Аны уккан кошуналары милиция кызматкерлерин чакырган. Батирде чыр салган кыз менен 1992-жылы туулган жигит тергөө жайына алынып келген. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.